Menu

“Дарак ыры” тасмасы Россиянын Чебоксары шаарында эл аралык кинофестивалда “Мыкты сценарий” номинациясын жеңип алды

Бөлүшүү:

“Дарак ыры” тасмасы Россиянын Чебоксары шаарында эл аралык кинофестивалда “Мыкты сценарий” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда аталган кинонун режиссёру Айбек Дайырбеков Фейсбук баракчасына билдирди.

“”Дарак ыры” тасмасынын жаңы сыйлыгы! Чебоксарыда жакында эле жыйынтыкталган XIII Эл аралык кинофестивалында “Мыкты сценарий” номинациясын жеңип алдык.

Сыйлыкты кесиптеш агам Садык Шер-Нияз экөөбүзгө тапшырышыптыр. Садык байкени, продюсерлер Толкун Дайырбекова, Андрей Епифанов, Таня Петрикти, жана кинону тартууга катышкан баардык инсандарды кезектеги жеңишибиз менен куттуктайм.

Кино жаңы чыкканда сценарийдин тереңдигине көңүл бурбай үстүртөн карагандар дагы болгон. Учаны итке берип салганы эмнеси, бир уча үчүн айылынан куулуп кетип, акырында башы кесилип кеткени эмнеси деп. Уча – кыргызда эң эле сыйлуу устукан. Тасмадагы уча – бул метафора. Сый-урматтын, кадыр-барктын, бийликтин белгиси. Учаны мен алышым керек деп жүрүп канча кыйындардын, байлардын башы кетип жатканын өзүбүз көрүп келе жатабыз.

Учурунда Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин талашы дагы “уча” болду. Бири учаны мен алышым керек десе, экинчиси жок мен алышым керек деп, кимиси элдин башында турган аксакалы деп жүрүп чабыша кетишти, жыйынтыгында – бири темир тордун нары жагында, бири тактысынан ажырап олтурат. Убагында кинобузду тартып элге сунуштаганда далайы Базарбайдын айылынан куулушунан Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди көрсө, кийин аларга кийинки президенттер дагы барып кошулду. Качанкыга чейин уча талашып жүрө бересиңер? Алкымды, напсини тыйып, тобо деп жашаш керек. Качанкыга чейин “той” берем деп карызга батып жашай беребиз?

“Дарак ырын” дагы, “Белгисиз маршрутту” дагы, “Таң алдынданы” дагы көрүп сабак алышпады.

“Дарак ырына” мыкты сценарий сыйлыгынын берилиши дагы ушундан болсо керек. Өлкөбүз карызга белчесинен батып турса, кыйындарыбыз дагы деле уча талашып, кресло бөлүшүп, той бериш үчүн мазарды, улутун, маданиятын, тилин, дилин садага чапканга даяр турушат.

Маданиятыбызды, духубузду, тилибизди көтөрмөйүн креслоңор дагы, учаңар дагы бир тыйын!

А биз, маданият ишмерлери, кыргыздын руху үчүн кызмат кылууга дайым даярбыз“, – деди Айбек Дайырбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: