Кой-Таштагы окуялар боюнча соттун мөөнөтү 2021-жылдын 11-январына чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Кундуз Жолдубаева билдирди.
Ошондой эле, анын айтымында, үй камагына алуу бөгөт коюу чарасы Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, жана Кундуз Жолдубаевага карата узартылды.
Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовго карата сот 9-октябрда Ала-Тоо аянтында массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен камакта жаткандыктан, алардын баш коргоо чарасын карашкан жок.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-ноябрда, Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумун жабык эшик артында улантты. Сот отурумуна экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ