Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевде өткөн жуманын аягында берген тесттин жыйынтыгы боюнча коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу, ал бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышкан эмес. Анын ордуна Салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Асылкулов катышты.
Салык кызматынын башчысы дарыланууда жана өзүн-өзү изоляциялоодо болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ