Вице-премьер-министр Максат Мамытканов КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жамаатына төраганын жаңы орун басары – Бакытбек Гайназаровду тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Максат Мамытканов белгилегендей, учурда коррупцияга каршы күрөшүү КРнын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Буга байланыштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, тактап айтканда, төрага орун басарына чоң жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.
Вице-премьер-министр Бакытбек Гайназаров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын алдына коюлган максаттарды толук жактай тургандыгына ишеним билдирди.
Жыйынтыгында Максат Мамытканов жаңы орун басарга ишиндеги ийгиликтерди жана мыкты натыйжалардын жаралышын каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ