Menu

Финансы полициясынын клиби эң үлгүлүү видео деп табылды

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) 23-сентябрь – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата клип тартышкан, ал клип “Тилим жүрөгүмдө” видеолор акциясына катышууга жөнөтүлүп, жыйынтыгында акцияга келип түшкөн жалпы 275 видеонун ичинен эң үлгүлүү видео деп табылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Аталып өткөн видеолордун акциясы КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган. 2020-жылдын 2-ноябрында бүткүл республика боюнча мамлекеттик мекемелер жана жогорку окуу жайлардын видеолорунун жыйынтыгы чыгарылып, эң жигердүү катышкандарга сыйлыктар тапшырылды. Алардын ичинен эң үлгүлүү видео деп биздин кызматтын клиби табылган.

Клипти Финансы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгы тартышып, кызматкерлер өзүлөрү катышкан. Бул видеонун башкалардан өзгөчөлүгү өзүнүн жеке идеясы, сценарийи болгон, башка видеолорду туураган эмес жана башкалардын идеяларын алган эмес. Сапаттуу, бардык жагынан төп келген видео болуп, комиссиянын сынынан өтүп, эң үлгүлүү видео деп табылып, өзүнүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Ал клип “Кыргыз тили” деген ырга тартылып, кызматкерлер өзүлөрү аткарышкан. Эне тилибиздин баалуулугуна маани берилип, кыргыз тили даңазаланып ырдалган.

Албетте, кыргыз тилибиз – биздин мамлекеттин эң баалуу байлыктарынын бири, биздин улуттугубузду аныктайт. Ал кылымдарды басып келген, биз дагы кийинки муундарга жеткирүүгө милдеттүүбүз жана анын өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошушубуз керек.

Кыргыз тили бир эле майрамдык күн менен чектелип калбайт. Ал күнүмдүк жашообузда, иш кагаздарды жүргүзүүдө да өнүгүшү керек.

Бул маселеге Финансы полициясы олуттуу карап, иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүрүшүнө жана жалпы мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө аракетин жумшап келет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: