Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -3…+2, күндүз: +1… +6,
Таласта түнкүсүн: 0…-5, күндүз: +1…+6,
Баткенде түнкүсүн: +1… +6, күндүз: +5…+10,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +5…+10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -3…+2, күндүз: +3… +8,
Нарында түнкүсүн: -3…-8, күндүз: +3…+8,
Бишкекте түнкүсүн -1…+1, күндүз: +3…+5.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ