Menu

Нур-Султанда активист Дулат Агадилдин уулу жерге берилди

Бөлүшүү:

13-ноябрда Нур-Султан шаарына жакын жайгашкан Талапкер айылында 17 жаштагы Жанболат Агадил жерге берилди. Анын сөөгү быйыл февралда баш калаадагы тергөө абагында каза болгон атасы, жарандык активист Дулат Агадилдин жанына коюлду.

Жанболат Агадил 11-ноябрга караган түнү Нур-Султандын Көктал кичи районунда өлтүрүлгөн. Полиция ал топ балдардын мушташына катышып, ошол жерден бычак жегенин билдирген.

13-ноябрда Алматыдагы Шокан Уалиханов атындагы сейил бакта ондогон адамдын катышуусунда Агадилди эскерүү иш-чарасы өттү.

Казакстандын түрдүү шаарларында активисттер бийликти Агадилдин өлүмү боюнча ачык тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырышууда.

Күн мурун Нур-Султан шаардык полиция департаменти бул иш боюнча «Бычак колдонгон топ адамдын бейбаштыгы» жана «Бейбаштык менен адам өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалганын билдирген. Тергөөчү Санжар Адиловдун айтымында, жаңжал Көктал кичирайонундагы жоопкерчилиги чектелген шериктиктин биринин жумушчулары менен Акмоло облусунун Талапкер айылындагы жаштардын ортосундагы чыккан. Ал калайман мушташка айланып, анын жүрүшүндө Агадилов бычактан жаракат алып мерт болгон.

Маркумдун атасы, казакстандык активист Дулат Агадил быйыл 24-февралда кармалып, бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадил өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап келишет.

Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерди ачык айтып, акцияларга чыккан оппозициячыл активист катары белгилүү болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: