Бүгүн, 14-ноябрда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. БШКда белгиленгендей, документтер саат 23:59га чейин кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 13-ноябрында саат 20:30га карата шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу тууралуу талапкерлерден 34 арыз келип түшкөн, бирөө кайтарылып алынган.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Эскерте кетсек, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого 59 адам арыз берген. Андан кийин БШК 13 адамды талапкер катары каттады, бирок кийин алардын экөө башка талапкерлердин пайдасына өз талапкерлигин алып салышкан. Дагы тогуз талапкер каттоодон мурун талапкерлигин кайтарып алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ