Menu

Видео – Лейлектин борбору Исфана шаарында сел жүрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-май күнү саат 18:30 чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен, Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жерине саат 19:00дө КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.
Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти.
Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: