Menu

БШК Ички иштер министрлигин Нарындагы добуш сатып алуу фактысы боюнча ишти создуктуруп жатат деп айыптады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-сентябрда БШКнын мүчөлөрү “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысына пара бериши мүмкүн деген маселени карашууда.

Ички иштер министрлигинин өкүлү бул иш карала электигин, анткени тергөө иштери видеону гана изилдеп жаткандыгын билдирди.  Бул маалымат БШК мүчөлөрүнүн кыжырына тийди.

Тынчтык Шайназаров шайлоо учурунда ИИМ ишти кароону “создугуп” жаткандыгын белгиледи. Аны Кайрат Осмоналиев колдоп, Ички иштер министрлигине муктаж болгондо, алар кылмыштын бетин бир күндө ачып коёрун белгиледи.

Атыр Абдрахматова Башкы прокуратурага аталган маселе боюнча Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо жөнүндө арыз берүүнү сунуш кылса, Осмоналиев ал жооптуу болгон ИИМдин өкүлүн кызматтан алуу маселесин көтөрөрүн кошумчалады.

“Биримдик” партиясынын расмий өкүлү бул иш боюнча Нарын шаарынын айыл өкмөт башчысына каршы иш козголуп, ал тургай бир сот отуруму болгонун билдирди. Кийинки сот отуруму 13-октябрда болот.

Бул боюнча БШКга эмне үчүн кабарланбады деген суроого партиянын өкүлү жооп берген жок.

Натыйжада, шайлоо мезгилинде белгиленген мөөнөттөрдү кароону бузгандыгы үчүн ИИМдин жетекчилигинин жоопкерчилиги жөнүндө маселени министрлер кабинетине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 30-августта социалдык тармактарда “Биримдик” партиясынын талапкери Азамат Мусурканов Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысына пара берип жаткан болушу мүмкүн деген видео тараган. Видео укук коргоо органдарына жана БШКнын ыкчам аракет координациялык тобуна жөнөтүлгөн.

БШК Ички иштер министрлигин Нарында “Биримдиктин” талапкери пара берүү фактысы боюнча ишти создуктуруп жатат деп айыптады

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: