Menu

Фото – ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду – Тизме

Бөлүшүү:

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн кезектеги сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

1. Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;

2. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чаралардын планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

3. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

4. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

5. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар Эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

6. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин Планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

7. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын Тизмеги жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

8. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо-өнөр жай (аскерий-өнөр жай) комплекстеринин ишканаларынын жана уюмдарынын ортосундагы кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык уюм жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

9. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

10. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы („ПРОКСИ“ операциясы) жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

11. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлер Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

12. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Бюджетинин аткарылышы тууралуу Отчет жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

13. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата Бюджети жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

14. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

15. Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: