15-октябрда Бишкекте Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү “Жол Алкагынын” маршрутунда коопсуздукту камсыздоо боюнча кыргыз-кытай өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобунун отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Жоолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну чыңдоо, биргелешип өнүгүү, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү механизмдерин жакшыртуу жөнүндө маселелерди талкуулашкандыгы тууралуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министирликтеринин өкүлдөрү Канат Турсункулов жана Лю Шаобин биргелешип берген билдирүүсүндө айтышкан.
Аталган жоолугушуунун маанилүү экендигин жыйында Коопсуздук кенешинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү катышкандыгы тастыктайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ