Menu

Орусияда оор кырдаалга кабылган 152 өзбекстандык мекенине кайтарылды

Бөлүшүү:

26-октябрда Орусияда же иши, же акчасы, же документи жок өзбек мигранттарын ташыган үчүнчү учак Ташкентке келип конду.

Өзбекстан тышкы миграция агенттиги билдиргендей, турмуштук оор абалына байланыштуу Өзбекстанга кайтып келген мигранттардын саны 152 кишиге жетти.

Орусиядагы мигранттарды мекенине кайтаруу иш-чарасы 2018-жылы 5-июлда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин токтому менен түзүлгөн Чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоо фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

Фонд чет өлкөдө иштеп жүрүп, кыйноолорго, дискриминацияга, кулчулукка кабылып, документсиз калган өзбекстандыктарга укуктук жана социалдык колдоо көрсөтөт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: