Эски бийликтин тушунда саясый куугунтуктоолор сот аркылуу ишке ашып келгени сокур менен дүлөйгө да белгилүү эмеспи. Дал ошонун башында Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева турганы, анан минтип жаңы бийлик келсе да соттор адилеттүү жүздөрүн көрсөтө алышпай, таз кейптеринен арыла алышпаганын кантебиз? Ошол эле Текебаев, Жапаров, Кадыров, Асанов,
Талгарбеков ж.б. буюртма негизде камалгандарга эмнеге адилеттүү чечим чыкпай келет? «Балык башынан сасыйт» демекчи, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева отурганда, кайдагы соттук реформаны, акыйкатты күтөсүңөр?
Кыргызстандагы адам укуктарынын тебеленишине, фемида өкүлдөрүнүн саясый негизде иш алпаргандарына Токбаеванын толук күнөөсү барбы, же кандай? А эмне үчүн бул жаатта эксперттер, саясат таануучулар, калемгерлер унчугушпайт? Өлкөбүздө саясый куугунтуктардан сырткары миңдеген, жүздөгөн жарандарыбыздын тагдыры адилетсиздиктен, соттордун жеке кызыкчылыктарынан талкаланып атканы жалганбы? Баа берүүгө мезгил келди го, же тоо башында отургандай болуп, Токбаева эч кимди тоготпойбу?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ