Menu

Ош түрк дүйнөсүнө даңазаланды

Бөлүшүү:

“Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык маданий иш-чарасынын расмий ачылыш аземи – Ош шаарында 20-апрелде өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана 10догон мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, 500дөй коноктор менен миңдеген кыргызстандыктар катышты. Чоң салтанат Ош шаарынын борбордук стадионунда болуп, байыркы Ош шаарынын тарыхы, маданияты чагылдырылды. Келген конокторго Түрк тилдүү мамлекеттерден келген өнөрпоздордун чоң программадагы концерти тартууланды.

“Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык маданий иш-чарасы Ош шаарынын борбордук стадиондо болду. Стадион 12 миң адамга ылайыкташтырылган. Бирок ага эл батпай калды. Алгач чет элден келген коноктор менен тургундарга сахналаштырылган көрүнүш тартууланды. Анда манасчылар манас айтып, Оштун тарыхын чагылдырган эпизоддор коюлду. Оштун символу болгон Сулайман-Тоосу менен Ак-Буура дайрасы, мажүрүм тал тууралуу айтылды.

Буга чейин маалым болгондой, “Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык маданий иш-чарасына даярдыктар 2 айдан бери жүргөн. Чет элден келген конокторду тейлегенден баштап, алардын автоунаасына чейин камдалган. Булар тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Майрамдык салтанатка ондогон мамлекеттен 500дөй конок катышты. Алардын арасында дипломатиятык элчиликтердин, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү бар. Ош шаарына конок катары келген бир канча улуттардын өкүлдөрү кыргызстандыктарды ушул майрамы менен куттукташты.

Борбордук стадионунда болгон иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттерден келген расмий делегациялардан тартып, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү жана миңдеген адам катышты.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: