Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Жазык кодекси 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилгендигине байланыштуу, 1997-жылдын 1-октябрындагы Жазык кодексинин беренелерин жаны жагдай боюнча кайра кароо жөнүндөгү жактоочу З. Базарбековдун арызы менен КР Өмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин сунушу каралды. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Соттук отурумдун жүрүшүндө соттук коллегиянын бир судьясына ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн жактоочусу билдирди. Сот өтүнүчтү канааттандырып, ишти кароону 2019-жылдын 30-апрелине саат 16.00го жылдырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 227-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
2017-жылдын 15-сентябрындагы Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган, ал эми 2018-жылдын 13-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ