Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрмө бекеттерден ары-бери каттагандар эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай, Ош облусундагы “Достук-Автожол” өткөрмө бекетинен суткасына 7000 киши өтүп жатат. Мурда бул жерде Кыргызстана келе жаткандар жана Өзбекстанга бара жаткандар биригип 2-3 миңди гана түзчү. Баткен облусундагы “Кадамжай- Автожол” өткөрмө бекетинде буга чейин суткасына 700-750 адам өтүп келсе, учурда 2000-2500 адам каттап жатат. Ал эми Жалал-Абад облусундагы “Маданият-Автожол” өткөрмө бекетинен Өзбекстанга киргендердин жана Кыргызстана чыккандардын саны 900-1000 кишини түзүүдө, мурда бул сан 350-500го гана жетчү. Эки өлкөнүн ортосунда каттам жанданганына байланыштуу чек ара кызматы бул бекеттерге кошумча текшерүү кабиналарын ачкан. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси былтыртан баштап оңоло баштаган. Чек ара тилкелеринин 85% такталып, каттоо да жеңилдеген.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ