Menu

Фото – Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого дайыма даяр

Бөлүшүү:

Өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого дайыма даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айылындагы травертин ташын иштетүүчү заводго барганда билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Вице-премьер-министр курулуштун сырткы кооздугу үчүн травертин ташынан плита жасаган ишкананын иши менен таанышты.

Учурда ишканада 18 киши иштеп жатат. Жасалгалоо үчүн өзгөчө кооздуктагы материал болуп саналган суюк травертинаны өндүрүштүн калдыгынан чыгаруу пландалууда. Ошондо жумушчу орундун саны да көбөйөт.

«Жеңилдетилген салык, текшерүүлөрдүн ирээтке келиши жана насыя алуунун жол-жобосунун жеңилдеши – мунун бары бизнести өнүктүрүү үчүн жасалууда. Мамлекет ишкерлерди колдоого жана бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар», – деди Замирбек Аскаров.

Андан соң вице-премьер-министр Өзгөн районунун Дөң-Булак айылындагы 70 киши иштеген май өндүрүчү заводдун иши менен таанышты.

Жаңы ачылган ишканага өсүмдүк майын тазалоо жана сасык жытты жоготуу үчүн заманбап жабдыктар коюлган. Суткасына 50 тоннага чейин күн караманын, сафлордун жана соянын уругун кайра иштетет, май өсүмдөрүн кабыл алуучу үч пункт түзүлдү.

Чыгарылган продукция ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет. Ал эми заводдун курулушуна ишкерлер 3,5 млн АКШ долларын салган. «Агрогоризонт» долбоорунун алкагында ЮСАИД каражаттын 20% бөлүп берген.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мындай ишканалар туруктуу жумушчу орундарды түзөт жана фермерлерге өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзүү менен пайда алып келээрин белгиледи.

«Биз ишмердүүлүгү өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга ар тараптан жардам беребиз», – деди Замирбек Аскаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: