Menu

Акча алмаштыруу жайлары жабылабы? – Улуттук банктын төрагасынын жообу

Бөлүшүү:

“Интернет булактарында акча алмаштыруу жайларынын жабылышы тууралуу чыгып жаткан. Бул кимдин сунушу? Сиздин ой пикириңиз кандай?”,- деп сурады депутат Бакирдин Субанбеков бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон.

“Бул концептуалдык маселе болуп жатат. Биз башка өлкөлөрдүн тарыхый тажрыйбасын карасак, бул акча алмаштыруу жайлары убактылуу институттар деген тыянакка келдик. Банктык система өнүгүп, филиалдары көбөйгөндө баардык алмашуу операциялары банкка өтөт. Улуттук банк 2015-жылы ушундай сунушту бергенбиз. Бирок тилекке каршы сунушту өкмөт да, Жогорку Кеңеш да колдогон жок. Быйыл бул мыйзамды депутаттардын тобунан сунуш келип жатат. Улуттук банктын оюу бул нерсени акырындан жөнгө салышыбыз керек. Идеалдуу түрдө акча алмаштуруу жайлары банктын астында болушу керек. Бирок биздин жарандар акча алмаштыруу жайлары жабылат жеп түшүнүп жатышат. Бул туура эмес акча алмаштыруу жайлары жабылбайт. Жөн гана алмаштыруу лицензиялардын түрү өзгөрөт. Бүгүнкү күнү акча алмаштыруу операциялары жөнөкөй тилде айтканда жеңил. Сунуш бересиң, 1 млн сом капитал коюп, патент алып ошонун негизинде иштей бересиң. Статистиканы карасак, акча алмаштыруу жайларындагы жалпы операциялар банктардагы алмаштырууларга караганда эки эсе көп. Ал жакта салыктарга жана Социалдык фондго байланыштуу суроолор бар. Акча алмашыруу жайларынын качан, кандай шартта жабыларын дагы талкуулашыбыз керек”,- деди Абдыгулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: