Кыргыз Республикасына бүгүн, 16-сентябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 16-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ