Кечээ, 27-октябрга караган түнү “Гуф” деген каймана аты менен таанымал болгон орусиялык рэп аткаруучу Алексей Долматов Москва шаарында сабалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Жазылган маалымат боюнча, ырчыны Москва шаарындагы түңкү клубдардын биринде сабап кетишкен. Гуф бул тууралуу арыз менен полиция кызматкерлерине кайрылган. Ал укук коргоо органдарына кайрылган маалда жанында ырчы Кети Топурия болгон.
Айта кетсек, 39 жаштагы Долматов “CENT” тобунун жана “Records” лейблинин негиздөөчүсү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ