Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов 4-октябрда Грозныйда Беслан Исаев менен болгон мелдештен кийин мерт болду.
Бекзоддун сөөгү Өзбекстанга 8-октябрда жеткирилет.
Маркум чеченстандык Беслан Исаев менен Absolute Championship Akhmat мелдешинде күч сынашып, атаандашына утулуп калган. Бекзод Нурматов мелдештин аягында катуу сокку жеген. Андан кийин ал инсульт алып, ооруканада үч күн жаткан соң өзүнө келбей жан берген.
Нурматов 27 жашта болчу, спорттук карьерасында 13 жолу мелдешке катышып, 11 жолу жеңип, 2 жолу жеңилген.
Өзбекстан Коргоо министрлиги Бекзод Нурматовду армиянын сыймыгы деп атаган.
Акыркы жылдары ал Санкт-Петербургдагы ММА спорттук клубдарынын биринде машыккан.
https://youtu.be/o3-DwUrlov0
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ