Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имараттын салтанаттуу ачылышына катышты

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева  КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имараттын: клиника-диагностикалык блоктун жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, заманбап талаптарга жооп берген балдар медициналык мекемесинин ачылышы жалпы республикабыз үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

«Жаңы корпустардын курулушу «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан долбоордук-сметалык документтерди, медициналык жана медициналык эмес буюмдарды кошо алып караганда каржыланган. Демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Жаңы ишке берилген мекемелер балдардын ден-соолугун чыңдоо максатында жемиштүү иш алып баруусун каалайбыз. Медициналык кызматкерлер жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерден туруп, медициналык тейлөөнү мыкты деңгээлде көрсөтөөрүнө ишеним билдирем», – деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Маалымдама: Жаңы имараттардын курулушу 2019-жылдын август айында башталып, толугу менен «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган, анын ичинде долбоордук-сметалык документтер, медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын жалпы суммасы 198 800 000 сомду түзгөн.

Органдарды трансплантациялоо менен балдардын гематология бөлүмүнүн биринчи үч кабаттуу имаратында: операция бөлүмү, реанимация бөлүмү, 40 орундуу стационардык керебеттер жана 8 орундуу реанимация бөлүмдөрү, бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандар үчүн – 3 орундуу гемодиализ бөлүмү жайгашкан.

Клиникалык диагностика бөлүмүндө консультативдик-диагностикалык бөлүм жана керектүү медициналык шаймандар менен жабдылган лаборатория жайгашкан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: