Menu

Тажикстанда белгилүү дин кызматчысы камалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү дин кызматчысы Сирожиддин Эшони (Сирожиддин Абдурахманов) камалды. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун тажик кызматы анын туугандарынын бирине шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, дин кызматчысы Душанбе шаарынын Зарафшон маалесиндеги үйүнөн күч органдарынын өкүлдөрү кармап кеткен. Анын компьютери жана диний китептери конфискацияланган.

Азырынча Сирожиддин Эшонинин эмне себептен камалганы белгисиз. Шаардык милиция бул кабарды бышыктап да, төгүнгө да чыгара элек. RFE/RL радиосунун тажик кызматы дин кызматчысы менен кошо анын бир канча шакирти кармалганын жазды.

Сирожиддин Эшони 2009-жылы камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага «улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

Былтыр апрелде Сирожиддин Эшони видеокайрылуу жасап, бийликтин мобилдик Интернетти кымбаттатканын кубаттаган жана Интернетти «кылымдын оорусу» деп атаган. Ошол эле маалда ал Интернетти такай колдонот жана соңку кездери «Ютуб» каналы аркылуу колдонуучулардын дин тууралуу суроолоруна жооп берип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: