Menu

Замир Жоошев, адвокат: “Атамбаевди абактагы камерасында видео жана үн жазуучу аппараттар менен аңдып, жазылган видеотасманы президентке жөнөтүп турушкан”

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев КРнын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго УКМКнын СИЗОсунда Атамбаев менен анын адвокаты Сергей Слесаревдин ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат келип түшкөндүгүн билдирди. Бул тууралуу Замир Жоошев Facebook баракчасына жазат.

Анонимдүү булакка шилтеме берүү менен Замир Жоошев Ак үйдө 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларда президенттин үстөлүнөн “АША – Слесарев – 42 мүнөт” деген жазуусу бар диск табылгандыгын билдирди.

“Берилген дискте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана адвокаты Сергей Слесаревдин УКМКнын СИЗОсунда болгон жолугушуусун чагылдырган видео жазуу камтылган. Жазуу 42 мүнөттөн ашык убакытка созулат. Кыскасы, жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Шаршеновичтин оорусу (пневмония), анын козголгон кылмыш иштери жана андан аркы аракеттери талкууланды. Атамбаев үй-бүлөсүнө кат жазгандан кийин, анын маектеши өлкөдөгү акыркы жаңылыктарды айтып берди. Акырында Алмазбек Атамбаев жана анын адвокаты тергөө абагында түшкү тыныгууга байланыштуу жолугушуу жайдан чыгып кетишти», – деди Замир Жоошев.

“Бул үчүн эртең биз Башкы прокуратурага арыз беребиз. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз. Бул кылмыш менен Алмазбек Атамбаев жана анын коргоочусу купуялуулук шартында квалификациялуу юридикалык жардам алуу жана көрсөтүү боюнча конституциялык укукту түздөн-түз бузуу түрүндө олуттуу зыян келтиришкен деп эсептейбиз”, – деп билдирди Жоошев арыз берүү чечимин.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, айыпталуучу жактоочу менен жеке жана тыңшоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган шартта жолугушууга укуктуу.

Адвокат сүйлөшүүлөрдүн жаздырылышы кокустан эмес, атайылап жасалган иш-аракеттер деп ишенет.

“Болбосо, алар Ак үйгө электрондук каражат аркылуу бармак эмес. Мындай тыңшоонун механизми УКМКнын СИЗОсунун дубалында орнотулушу мүмкүн”, – деп жыйынтыктады адвокат.

https://www.facebook.com/100022291515292/videos/865917104161332/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: