Menu

Саясатчы Феликс Кулов Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндө пикирин билдирди

Бөлүшүү:

“Мен бул долбоорду жаңы Конституция деп атай албайм, анткени, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилгенден башка, беренелердин дээрлик көпчүлүгү сакталып калган. Мындан тышкары Курултай пайда болду. Редакциялык өзгөртүүлөр бир гана максат менен жасалгандыгы белгилүү болду: жаңы бийлик өлкөнүн жаңы Негизги мыйзамын жаратканы жөнүндө көрсөтүү” – деп жазды саясатчы Феликс Кулов бүгүн, 18-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына комдук талкууга чыккан Конституциянын жаңы долбоору тууралуу пикирин билдирип.

“Ошол эле учурда, депутаттар учурдагы Конституциянын айрым бөлүктөрүндө түп-тамырынан өзгөртүлгөн вариантын сунуш кылышкандыгын баса белгилеп, Конституциянын 114-беренесине ылайык, ал “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын статусуна ээ болушу керек, ошондуктан алар үч окууда кабыл алуу керек (алардын аралыгынын айырмачылыгы 2 ай болушу керек), бирок ага чейин Конституциялык палатанын корутундусу алынышы керек.

Бийликти узурпациялоо эмнеден көрүнүп турат?

-Президент мамлекет башчысы гана эмес, аткаруу бийлигинин (өкмөттүн) башчысы да болот. Бирок ошол эле учурда эч кандай ыйгарым укуктарга ээ болбогон өзүнчө Өкмөттүн башчысы бар.

Ага бир гана нерсе – кызматтан кетүү жөнүндө арыз берүү, ошондой эле Президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу укугу берилген.

Президент дээрлик бардык бийлик бутактарын жана мамлекеттик органдарды дайындоого таасир этет. Эми бир мандаттуу 90 депутаттан турган парламентке бир гана нерсе: алардын дайындалышына макулдук берүү уруксаты берилди. Бирок ошол эле учурда депутаттар Өкмөткө же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө укугунан ажыратылды.

Курултай түшүнүксүз орган. Көзкарандысыз сыяктуу, бирок Президент аны чакырууну көздөгөнгө чейин чогула албайт. Курултай чечимдерди кабыл алат, бирок ошол эле учурда алар сунуш берүүчү мүнөзгө ээ деп жазылган. Ал чиновниктердин позицияларынын дал келбестиги боюнча сунуштарын гана киргизе алат. Ошол эле учурда депутаттардын андай укугу жок (!)

Эң кызыктуусу.. Жаңы Конституцияга ылайык, президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бирок киришүү жөнүндө беренеде 10-январда шайланган президент эски Конституция боюнча 6 (!) жылга шайланды деп эсептелет.

Акылсыздык, башка сөз жок. Сабатсыз депутаттар менен бардыгы түшүнүктүү, бирок мен Конституциялык палатанын мүчөлөрү канчалык компетенттүү жана принципиалдуу болушабы, кызык? Алар чимкирик Конституциянын ушул долбоору боюнча өз алдынча чечим чыгара алышабы?

Депутаттар “сүйүктүүсү” үчүн колдон келгендин бардыгын жасоого аракет кылышты. Бирок, канткенде биз жаңы президентти шайлап, ага конституция боюнча ага ыйгарым укуктарды бере аласыз (ошол убакта конституция жок да) ? Анын үстүнө ал референдумда кабыл алынабы же жокпу белгисиз.

Аны сүйрөп кетери анык, бизди ири масштабдагы фальсификация күтүп тургандыгы айдан ачык, анткени коркунуч өтө көп. Кудай октябрь окуясынын эң жаман формасында кайталанышына жол бербесин.

Демек, буга чейин курулай жана популисттик убадалар таңууланып жаткан экономиканын азыркы абалы менен бизди туруксуз мезгил күтүп турат.

Чыгуу жолу?

Уят болуп бул Конституцияны кабыл албоо керек. Муну жаңы 7-чакырылыштын депутаттарына калтыруу. Бирок, эгер чимкириктер ушул долбоорду кысымга алып барышса, анда бул депутаттар өзүлөрүнүн “иксперттери” менен кошо люстрация тизмесинде биринчи орунду ээлеши үчүн, бардыгы жасалышы керек. Коомдун көпчүлүгү жаңы Конституцияны өтө терс кабыл алышат деп ишенем” – деп жазды ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: