Menu

Садык Шер-Нияз: “Баш мыйзамдын жаңы долбоору Түркмөнстандын Конституциясынан ашып түштү”

Бөлүшүү:

“Бул Конституцияны карап чыкканда, ал Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып коё турган Конституция болот. Анткени, бул Конституцияда көптөгөн механизмдер, президенттин диктатурасы, бири-бирине жолтоо боло турган структуралар жазылыптыр” – деди бүгүн, 18-ноябрда президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз комдук талкууга чыккан Конституциянын жаңы долбоору тууралуу пикирин билдирип.

“Мисалы, Элдик курултай тууралуу жүрөт. Эгерде ЖКны эл шайлап, парламентке келсе, эмне үчүн анын үстүнөн бир орган караш керек? Эмне үчүн ал бир органга жооп бериши керек? Элдик курултай кандай система, кандай принцип менен чогулат? Эгер ага ЖК отчёт бере турган болсо, отчёт жактырылбаса, анда эмне болот? Бул деген мыйзам чыгаруу бийлигин дагы үстүнөн көзөмөл кылуу – тоталитаризмдик, диктатуранын дагы бир механизми болуп калат. Бул деген бардыгын президент өзүнүн башкаруусуна алат деген сөз. Бул деген толук президенттик диктатура, бул деген бир адамдын бардык бийликтин үстүндө үстөмдүгү деген сөз.

Сот боюнча эч нерсе жок. Демек, Кыргызстанда таптакыр акыйкат болбойт деген сөз. Демек, Кыргызстанда президент сот дагы, мыйзам чыгаруу органына үстөмдүк кылат, бардык тараптан өйдө болот. Бул Түркмөнстандын Конституциясынан ашып түштү. “Эркиндикти алып келем, өлкөдө демократия болсун” деген эмгектин баарын жокко чыгаруу. Бул аянтта каза болгон 90 баланын өлүмүн түздөн-түз жок кылуу. Алар Кыргызстанда демократия болсун, тоталитаризм болбосун деп канын төгүшкөн. Биз ошонун баарын жокко чыгарсак, анда биз каяка барабыз?” – деди Садык Шер-Нияз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: