Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилеринин бири болгонун социалдык тармактардан билди. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жарыялады.
“16-ноябрда Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар Конституцяны өзгөртүү демилге тобуна кол топтоп жатышканын билдиришти. Мен парламентаризмди жактоочу катары ушул процесске катышуу ниетинде кол коюп бергем. Бирок, кечээ ЖКда ушул топтун мүчөлөрүнөн долбоорду сураганымда, мага даяр долбоорду көргөзүштү. Мен дароо эле макул эместигимди айттым. Бул сөзүмдү ошол ерде турган депутаттар да тастыктайт. Мен ар дайым парламентраизмди жактап келгем жана ушул позициямда турам” – деди Эмил Токтошев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ