«Бейиш» медициналык борборунун кызматкерлерин бүгүн имаратка киргизбей жатат. Бул тууралуу «Жалбырак ТВ» сайтына аталган борбордун президенти Оморбай Нарбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн 16-ноябрда имаратты милиция кызматкерлери таң эрте курчоого алып, ал жерде иштеген кызматкерлерди мекемеге киргизбей жатат.
«Бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери келип баардык кабинеттерди жаап, эч кимди киргизбей жатат. Бул жерде биз 60 жылдан бери оорулууларды даарылап келебиз. Кайсы жерде бейтапкананы мамлекет басып алат деген түшүнүк бар»- деди мекеменин директору Нарбеков.
Белгилей кетсек, «Бейиш» борбору азыр экспременталдык медициналык академия деп аталып, учурда аталган имарат Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында иштейт.
Аталган кеңсенинин оордуна өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди жайгаштырууну пландап жатат.
Булак: “Жалбырак.ТВ”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ