Menu

“Президент – мамлекет жана өкмөт башчысы”. Бакыт Төрөбаев Конституциянын долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Конституциянын чуу жараткан жаңы долбооруна өзгөртүүлөрдү сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Ал кийинчерээк өз сунуштарымды берем деген шарт менен мыйзам долбоорун коомдук талкууга жарыялоону колдогонун билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин сунуштары:

– президент – мамлекет башчысы жана өкмөт башчысы;

– президент жалпы элдик добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө шайланат, бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп катары менен шайлана албайт;

– өкмөт президентке отчет берет;

– президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Өкмөт мүчөлөрү президент аныктаган саясатты жүргүзүүгө милдеттүү жана ага отчет беришет;

– президенттин Жогорку Кеңешти таратууга укугу жок;

– Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат, алардын 35и пропорционалдык шайлоо системасы боюнча шайланат (партиялык тизме боюнча), 70 – бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча;

– Жогорку Кеңештин депутаттары 4 жылдык мөөнөткө шайланат;

– партиялык тизме менен шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште туруктуу иштешет;

– бир мандаттуу аймактык округдарда шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары сессиялык негизде иштешет жана өз ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же тейлөө ишин үзгүлтүккө учуратпай жүзөгө ашырышат;

– ар бир парламенттик фракция фракциянын мүчөлөрүнүн ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордуна талапкер көрсөтөт;

– Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитет;

– Жогорку Кеңеш өкмөттүн мүчөсүнө ишеним көрсөтпөөгө укуктуу;

– өкмөт башчысы жыл сайын Жогорку Кеңештин алдында өкмөттүн иши жөнүндө отчет берип сүйлөйт;

– Башкы прокуратура оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш иштерин тергөө ишин жүргүзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: