Menu

Өмүрбек Текебаев: “Акыркы парламент калган авторитетин, калган саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү”

Бөлүшүү:

Бүгүн Кыргызстан экономикалык, финансылык, эпидемиологиялык гана эмес, терең саясий кризисти башынан өткөрүп жатат” – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда депутат Өмүрбек Текебаев “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” аттуу форумдун жыйынында.

“Бүгүнкү парламент мыйзамсыз отурат дегенге мен жана Венециялык комиссия макул эмес. Анткени ал конституциянын чегинде болгон. Биз ушуну так белгилеп коюшубуз керек” – деди ал.

Өмүрбек Текебаев депутаттарга кайрылып, 2016-жылдагы референдумду жана Жээнбековдун бийликке келгенин эскерди.

“Мындай парламент биздин тарыхыбызда болбоптур. Кыргызстанда мүмкүн боло турган оош-кыйыштын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла турган болуптур. 2016-жылы Атамбаев референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, колдошту. Репрессия жолу менен жеке бийлигин күчөткөнүн көрүштү, унчукпай карап турушту. Анан Жээнбеков келди. Атамбаевдин тагдырын өздөрү көрүштү. Жээнбеков 2020-жылдагы шайлоодо алдап алуу, сатып алуу жолдору менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмне алып келгенин көрдү, так ушул парламент. Бул парамент акылдуу болушу керек. Акылына кирет десе, Жапаров президент болуп турганда көрбөй туруп, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга кол коюп, учүнчү жолу референдум жарыялайбыз деп жатат. Эгерде ушул акыркы кадамы болбосо, бул пардамент Конституция кабыл алса болот деп элди ынандырсам болот эле. Акыркы парламент калган авторитетин, калган саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү. Ооба, юридикалык жактан бар, аны жок дей албайбыз. Бирок авторитеттин менин коллегаларым калтырбады. Эми муну депутаттар өздөрү жасаган жок да, өкмөттүн жетекчилери бар, парламенттин жетекчилери бар, мамлекеттин жетекчилери бар. Ушул парламент стабилизатор болуп жатса, ушунун авторитетин сактаганга аракет кылыш керек эле да. Пайдаланып туруп, тарыхтын “свалкасына” ыргытып жибергендей болбош керек эле да” – деп билдирди ал.

Ал эми парламент өзү жаңы Конституцияны же референдумду кабыл алса да, эл аны кабыл албай турганын белгиледи.

“Менин окуучум Алмамбет Шыкмаматов “проект “урод” деп так басым койду. Муну тез аранын ичинде чакырып алыш керек деди. Ал азыр садыр Жапаровдун негизги кеңешчилеринин бири, ал мунун Жапаров менен кеңешип туруп айтса керек деп ойлойм. Ошондуктан бул проект коомчулукка коркунуч келтирбегендей болушу керек” – деп кошумчалады ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: