Биз мындай Конституциянын кабыл алынышына жол бербейбиз. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда экс-президент Роза Отунбаева «Жарандар бийликти узурпациялоого каршы» аттуу форумдун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө толугу менен эл аралык изоляцияда тургандыгына карабастан, эл аралык институттар кырдаалды байкап, талдап жатышат.
«Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет. Кыргызстандын бюджети эң жакшы дегенде 2 млрд. долларды түзөт. Анын 20%га чейинкиси жөн гана сырттан келген гранттык жардам. Бүгүнкү күндө, бюджеттин өзү тешилип турганда, жалпы жонунан ар ким бизден жүзүн буруп кетет деген коркунучка туш болгондо, бул Кыргызстан үчүн өтө кооптуу деп ойлойм», – деди Отунбаева.
Анын айтымында, келип түшкөн жардамдын дээрлик 30%ы транспортко кетет (акыркы 10 жылда Кыргызстандагы жолдор донорлордун акчасына курулган), 25%ы энергетикага, 20% га жакыны инфраструктуралык долбоорлорго (айылдардагы жана чакан шаарлардагы суу менен камсыздоо) кетет, жана 15%га чейин билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына кетет.
Ошондой эле, Роза Отунбаева Садыр Жапаровго кайрылып, “келечектин сүрөтүн берүүгө” чакырды. “Сиз президенттик мөөнөтүңүздүн аягында Кыргызстанды кандай элестетесиз? Эмне үчүн миграция көйгөйлөрүн жана жаштардын келечегин талкуулабайбыз? Ушул маселелердин бардыгы талкууну талап кылат», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ