Menu

Каныбек Иманалиев: “Бийлик элге жек көрүнүш үчүн бир ай жетиштүү болду”

Бөлүшүү:

“Бийлик элге жек көрүнүш үчүн бир ай жетиштүү болду. Кыргызда макал бар: “Буту жаман төрдү булгайт, ниети жаман элди булгайт” деген. Булардын ниетин билдик, эл үчүн келбептир, эптеп эле бийликке жетип, аны басып алып, эптеп эле байлыкты бөлүштүрүп алайын дептир. Бир айдын ичинде булар бийликти бөлүштүрүп бүтүштү. Эми байлыкты бөлүштүрүүгө өтүштү. Биринчи Конституцияны тебелешти. Элди зордоп жаңы редакцияны кабыл алууну мажбурлап жатышат. Бул Конституция өтпөйт, себеби биз кыргыз эли эркиндикти сүйгөн элбиз. Элдин кыжырына тийбеши керек. Алар кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз жана анда ага элдин үнү камтылган эмес, ага эл, журналисттер, оппозициялык коом, саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан эмес. Ошондуктан кыргыз лин ынтымакка, биримдикке чакырам” -пп деди президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев кечээ,22-ноябрда өткөн “Референдумга каршы!” тынчтык жүрүшүндө.

“Азыркы келген бийлик бир айда элди консолидация кыла алган жок, элге өнүгүү жолун көрсөтө алган жок. Анын ордуна элди кайра кагыштырып, “Садыркысың, Садырдыкы эмессиң” деп элди экиге бөлүп, келечекти көрсөткөндүн ордуна кайра артка президенттик бийликке келебиз деп жатышат. Мындай бийликтин келечеги жок. Себеби алардын ниети кандай экенин, эл жөнүндө кандай ойлой турганын көрдүк. Биз  иш-чарага чыккан жаштар менен келечек үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Кийинкиде мындан да көп жаштар келет деп ойлойм”, – деп кошумчалады ал.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: