Бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык конференциянын отурумунда депутат Кенжебек Бокоев сотторду, БШКны жана Башкы прокуратураны парламенттин карамагына өткөрүп берүүнү сунуштады.
“Коомчулукта президент ажыдаарга айланат деген чочулоолор бар. Буга жол бербөө үчүн бир нече сунуштарым бар. Биринчиден, сотторду дайындоо парламентке өтүшү керек. БШК жана шайлоону өткөрүү маселелери дагы парламентке өткөрүлүп берилиши керек. Ошондой эле Башкы прокурорду дайындоо парламентке өткөрүү зарыл. Эгерде бул органдар парламенттин карамагында болсо, анда бир дагы президент ажыдаарга айланбайт “, – деди ал.
Ошондой эле, депутат Кенжебек Бокоев Конституциялык кеңешменин курамын 10-15 адамга көбөйтүүнү сунуштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ