Түндө КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров 7-каналга маек куруп, коомчулуктун көкүрөгүн өйүткөн айрым суроолорго жооп берди. Анда журналист, алып баруучу Мээрим Ташибекова Садыр Жапаровго төмөндөгүдөй суроо узатты.
– Жакында эле ММКда материалдар жарыяланып жатат. Этият болгула зектер чыкты. Сиз дагы жакында эле ырайым берип, бир топ адамдарды түрмөдөн чыгардыңыз. Кимдер ошолордун катарына кирди?
“Мен ойлодум эле жалпысынан 1000дин тегерегиндеги адамдар чыгат го деп. Анткени мен ошолордун арасында жүрүп көрдүм. Жалаа-жаап алып барып камап койгондор бар. Жөн эле отуруп калган адамдар толтура. Анын ичинде аялдар жана балдар бар. Мен ошолордун бардыгын ревизия кылып чыккыла деп Жаза аткаруу комитет башчысына бердим эле. Бир ай бою иштешти. Ырайым берүү боюнча 2 миңдей арыз түшүптүр. Алар менен комиссия иштеп чыгып 238 адам абактан чыкты. Кудай буйруп келип калсак, экинчи этабы менен дагы ревизия кылабыз. Чыккандардын арасында бала-чакасы бар аялдар бар.
Өзбекстандын президенти 3 миңге жакын адамды чыгарган. Тажикстандын президенти дагы чыгарган. Бул нерсени трагедия катары көрбөш керек. Элдин акча каражатын экономдоп жатабыз. Кыйкыргандар чыга берет аларга көңүл бурбаш керек”, – деп жооп узатты Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, 18-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык абактан 230 адам бошотулуп, 38 соттолгон адамдын мөөнөтү кыскартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ