Menu

Феликс Кулов Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден $1 млн пара алган. Аны керек болсо генерал Кулов дагы билет” деген сөзүнө жооп берди

Бөлүшүү:

Феликс Кулов Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден $1 млн пара алган, аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган” деген сөзүнө өзүнүн пикирин  Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен жөнүндө мындай билдирүүлөр эмнеге негизделгенин билбейм, бирок тергөө учурунда жана сотто ант берип айткандарымды гана кайталай алам. Менден 2010-жылы 21-декабрда Текебаев кайда деп сурашты, анткени Маевский ошол күнү парламенттин имаратында Текебаев менен жолуккан деп болжолдонууда.

Дал ушул күндөрү парламенттик оппозицияны түзүү боюнча консультация күчөтүлдү.

Ошондуктан, биз аны издеп жатканбыз, бирок ал жумушта жок болчу, мага ал болбой калышы мүмкүн, балким ал туулган күнүн белгилөө үчүн кетип калган деп кабарлашты. Эсимде, ушул учурда, мен Текебаев улуу адам экен, ал 21-декабрда Сталин менен бир күндө төрөлгөн экен деп тамашалагам.

Бирок кийинчерээк анын туулган күнү 22-декабрь деп айтышты. Жалпысынан биз аны тапкан жокпуз жана “Ата-Мекен” фракциясы менен “Ар-Намыс” фракциясы анда оппозициялык коалиция түзгөн эмес. Мен бул датаны кокустан жаттап алып, анын ишине күбө болуп калдым.

Эми Садыр Жапаровдун Текебаев Маевскийден 1 миллион долларды алганын бүтүндөй саясий элита билет деген билдирүүсүнө токтолсок. Бул боюнча мен бир гана кеңеш бере алам: ким билсе сотко кайрылсын, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер, бирок мени интригаларга алдап, жалган көрсөтмө бербеш керек” – деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалга маек берип, анда “Текебаев Маевскийден 1 миллион долларды алган. Алганы анык, муну бардык саясий элита, депутаттар бардыгы билет. Керек болсо генерал Кулов дагы билет. Кулов калп десе, генерал Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем” – деп айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: