Menu

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатка байланышкан бир нече кылмыштын бетин ачышты

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатка байланышкан бир нече кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну, сактоону аныктоого, токтотууга багытталган атайын операцияларды ийгиликтүү аякташкан.

2020-жылдын 13-ноябрында КРнын Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун аймагынан 2001-ж.т., К уулу Э. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн баштыкка оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган каражат 45 грамм «гашиш» жана 150 грамм «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.

Ал эми, 19-ноябрда «Притон» атайын операциясын жана тинтүү амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында кызматтык итти пайдалануу менен Аксу районунун Теплоключенка айылында жашаган 1961-ж.т., П.В. аттуу жарандын үйүндөгү чатырынан баштыкка оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган «марихуана» баңгизаты 4 килограмм 800 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, ошол эле күнү кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурунда 1984-жылы туулган К.Э. аттуу жарандын Аксу районунун Ичке-Жергез айылында жайгашкан кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап зат табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5 килограмм «марихуана» баңгизаты алынган.

Жогорудагы бардык факты боюнча табылып алынган баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 995 граммды түзгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: