Бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн жыйындар залында Жогорку Кеңештин палатасы отурат. Бул парламенттин 5-6-октябрдагы окуялардан кийинки залда биринчи отуруму.
Буга чейин спикер Талант Мамытов жолугушууларды өткөрүү үчүн Ак үйдө минималдуу шарттарды түзүү керек экенин айткан. Буга чейин парламентарийлер “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жыйын өткөрүп жүргөн.
Жыйындар залында депутаттардын жана буга чейин басма сөз үчүн берилген компьютерлер дагы жок.
Эскерте кетсек, 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгышкан. Бишкекте массалык баш аламандыктар болуп, Ак үйдү басып алышкан. Абакта жаткан бир топ саясатчылар, аткаминерлер абактан бошотулушкан. Натыйжада, 5-6-октябрь окуялары Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна алып келди. Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр кызматтары Садыр Жапаровго өткөрүлгөн. 14-ноябрда Садыр Жапаров кызматын тапшырып, президенттикке талапкерлигин койду.
Баш аламандыктан кийин Ак үй өрттөнүп, бир топ талкаланган. Андан кийин Ак үйдүн тосмосу дагы алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ