Menu

ИИМ: “Издөө” операциясынын жүрүшүндө 120 кылмыштын бети ачылды

Бөлүшүү:

“Издөө” операциясынын жүрүшүндө 120 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын Ички иштер министрлигинин 2020-жылга карата уюштуруу-практикалык планына ылайык, республиканын аймагында “Издөө” операциясы жүргүзүлгөн.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча рейддик ыкчам алдын алуу иш-чарасына аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери дагы тартылган.

Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, өздүгү такталбаган өлүктөрдүн ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары укукка каршы аракеттерди жасап, анын ичинен оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 92 адамды кармашкан. Адам өлтүрүү үчүн кол салуу-1, карактоо-1, тоноо-1 жана башка кылмыштарды жасашкан-46, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары издөөгө алган -2, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн-1 адам кармалган.

Республика боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу операциясынын натыйжасында 121 кылмыш ишинин бети ачылган. Алардын ичинен киши өлтүрүү-1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү-3, зордуктоо-2, тоноо-2, уурдоо-40, алдамчылык-35, ээнбаштык-9, автомототранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу-1 жана башка кылмыштар-25.

Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарга тиешелүү-2 факты, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо-2 факты аныкталган.

Дайынсыз жоголгон 21 адамдын кайда жүргөндүгү, өздүгү такталбаган 6 өлүктүн өздүгү такталган.

Республиканын аймагында жүргүзүлгөн “Издөө” операциясынын жыйынтыгы КРнын ИИМдин ТИИБдин, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин, Ош шаарынын жана облустардын ички иштер башкармалыктарынын жыйындарында каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: