Menu

Экс-министр Зарылбек Рысалиев Ички иштер министри Улан Исраиловду алмаштырууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-январда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты,  мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев фракциянын жыйынында азыр иштеп жаткан Ички иштер министри Улан Исраиловду алмаштырууну сунуштады.

“Республика-Ата-Журт” фракциясы бүгүн өкмөттүн жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча токтомун министр Улан Исраиловдун катышуусунда талкуулоону пландаштырып, алдын-ала министрге чакыруу жөнөткөн. Бирок министр парламентке өзүнүн орун басары Курсан Асановду жөнөтүп койгон.

“Өкмөттөн келгендерди карасам бүт эле министрлердин орун басарлары келиптир, министрлерден эч ким жок. Бирок министрлердин орун басарлары маселелерди чече албабы? Биз силерди биякка бир нерсени билбегенибизден сурап билип алалы деп чакырбайбыз. Биз көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун чоогу табыш үчүн чакырабыз. Эгер Ички иштер министри кайра-кайра эле ооруй берсе анда министрди алмаштыралы. Баардык маселелер боюнча бизге Курсан Асанов келет. Анда Курсан Асановду министр кылып койбойлубу. Менин ички иштер министрине каршылыгым жок, бирок эмне себептен ал келбей жатат? Мен министр болгондо күн сайын Жогорку Кеңеште олтурчумун. Азыркы министрлер ушунчалык эле алмашкыс болуп кеттиби? Мен муну айткым келбеди эле, бирок айтууга аргасыз болдум. Өлкөдө жол-транспорт кырсыктары өсүп жатат, биз бул маселени чечүүнүн жолдорун табалы деп атайын талкуу уюштуруп жатабыз, бирок, эмнеге министр келбейт? Менин министрдин так өзүнө берчү суроолорум бар эле”, – деди Зарылбек Рысалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: