Menu

Депутат Дастан Бекешев жаңы көпчүлүк коалициясын түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев жаңы көпчүлүк коалициясын түзүүнү сунуштады.

Депутат аны “Республика-Ата Журт” фракциясы жетектеши керек деп эсептейт. Учурдагы коалицияны түзүү учурунда КСДП Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен лидер болгонун билдирди.

Көпчүлүк коалиция 2016-жылдын 3-ноябрында түзүлгөнүн эске салды. Ал коалиция Алмазбек Атамбаевди колдоп, анын досун премьер-министр кылганын айтты.

“Атамбаев кеткенден кийин көпчүлүк коалиция аны жамандап, Сооронбай Жээнбековдун сөзүн сүйлөп баштаган. Азыркы октябрь айындагы окуядан кийин ошол эле көпчүлүк коалиция башкаларды колдоп жатат. Ким билет, эртең Сооронбай Жээнбековду жамандагыла десе, мен билем коалиция ага да даяр. Көпчүлүк коалициянын фракцияларына кирген депутаттарынын 90 пайызы башка партиялар менен шайлоого катышкан. Эми түшүнүксүз болуп калды. Кээ бир фракциянын лидерлери Конституцияга каршы болуп жатышат, бирок кээ бир мүчөлөр тескерисинче, колдоп жатышат. Кээ бири коалаицияда мүчө болуп, оппозициялык сөздөрдү сүйлөп жатат. Такыр эле түшүнүксүз болуп калды. Ушундай кете берсек, эртең бул көпчүлүк коалиция шайтанга кызмат кылууга даяр болот” – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: