Menu

Айгүл Жапарова: “Садыр Жапаров элдин колдоосуна ишенет”

Бөлүшүү:

Ак үйгө кол салуу учурунда жабыркагандарга түрк клиникасы акысыз операция жасап берди. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл орусиялык “Около политика” журналына айтып берди.

Ал коронавируска каршы күрөшүүдө ыктыярчыларга жана 5-октябрь күнү милициянын куугунтуктоосу учурунда жаракат алгандарга жардам берип жаткандыгын белгилейт.

«Мен ыктыярчыларды каржылабайм, жөн гана алардын ишин уюштурам. Мындан тышкары, мен азыр 5-6-октябрь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берип жатам, алардын ичинен миңден ашуун адам жаракат алышты. Айрымдарына буга чейин бир нече жолу операция жасалган. Биз активисттер менен балдарга жардам берип жатабыз», – деди ал.

Айгүл Жапарованын айтымында, түрк клиникаларынын бири чоң жардам жана колдоо көрсөткөн, ал жерде операциялар акысыз жүргүзүлгөн. Ошондой эле Айгүл Жапарова түрмөдөн чыккандан кийин Садыр экөө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой калгандыгын айтты.

«Бизде премьер-министрдин кызматы жөнүндө кеңешүүгө убакыт болгон жок. Бул тез жана өзүнөн-өзү болгон. Бирок жолдошум ар дайым ал сөзсүз кетип жатканда, эл аны колдой тургандыгын айткан. Ал буга толук ишенген», – деди Айгүл Жапарова.

Орус журналы аны Кыргызстандын “биринчи айымы” катарына киргизген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 15-октябрдан 14-ноябрга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу кызматын аркалаган. Андан кийин ал кызматын тапшырып, президенттикке талапкерлигин койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: