Menu

Аламүдүн капчыгайындагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 19 жаштагы жигит борбордогу университетте окуган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында Аламүдүн капчыгайында асынып калган жигиттин сөөгү коюлуп жатат.

Анын туугандарынын айтымында, 12-декабрда О.Э. 19 жашка толмок. Алардын айтымында, киши өлтүрүүнүн себептери дагы деле табышмак бойдон калууда.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча даяр эмес.

Эскерте кетсек, 21-ноябрда түштөн кийин Аламүдүн капчыгайындагы “Теплые Ключи” аймагында борбор калаанын тургундары фотосессия өткөрүп жүрүшүп, дарактардын биринде асылып турган кишини байкап калышкан, анын колу-буту скотч менен байланган.

Алар жансыз дененин табылганын милицияга билдиришкен жана окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталган.

Өлтүрүлгөн жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну О.Э.

Маркум 9-классты аяктагандан кийин Бишкектеги жол техникумуна тапшырган. Окууну Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде уланткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 6-ноябрда жигит үйдөн “Volkswagen Golf” унаасы менен чыгып кеткен. Ал унаа тетиктерин сатуу үчүн Кудайберген базарына бараарын айткан. Бирок ал үйүнө кайтып келген эмес.

Туугандары алгач аны менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок аны менен байланыша алышкан эмес. Ошондой эле алар жигит достору менен болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Бир аз убакыттан кийин алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: