Menu

Данияр Арпачиев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп дайындалды

Бөлүшүү:

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Арпачиев Данияр Карагулович Октябрь административдик районунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын мэринин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Белгилей кетсек, 2-ноябрда Октябрь районунун акими болуп дайындалган Константан Куценко кечээ, 24-ноябрда камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кармалган. Андан кийин кызматынан бошотулган.
Аталган коррупциялык кылмышка шектүү делип буга чейин Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: