Монополияга каршы комитеттин Ташкент облустук башкармалыгы аймакты электр кубаты менен камсыздаган ишканалардын жоопкерчилигин кароо боюнча сотко кайрылды.
Комитеттин пикиринде, бул ишканалар “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамды бузушкан.
Алар октябрь жана ноябрь айларында карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрүп коюшкан. Керектөөчүлөр карызын төлөгөндөн кийин да электр кубаты дароо берилген эмес.
Маалыматтарга караганда, өткөн аптада Ташкент районунда 17 миңдей керектөөчү электр системасынан өчүрүлгөн.
Мындан соң Монополияга каршы комитет электр кубат менен камсыздоого жооптуу уюмдардын жетекчилерине чара көрө баштаган.
Алмалык, Зангиота, Ташкент, Кибрай райондорундагы электр ишканаларынын жетекчилерине карата протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлдү.
Соңку күндөрү Өзбекстанда температура кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу электр кубаты жана газ тез-тез өчүрүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ