“Мен президенттин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп кала берем”, – деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин учурдагы төрагасы Дастан Догоев.
Эске сала кетсек, Дастан Догоев Гарвард университетине өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетип жатат. Догоевдин айтымында, 2020-жылдын башында, аталган окуу жайга мамлекеттик башкаруу багыты боюнча окууга өткөн.
“Мен Гарвард университетине билим алуу тууралуу президент жана премьер-министр менен талкууладым. Мындай мүмкүнчүлүк жашоодо бир гана ирээт келгендиктен, алар түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөтүштү”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Дастан Догоев 2017-жылдын июнунан 2018-жылдын февралына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. 2018-жылдын июнь айында президенттин кеңешчиси болуп барган. Азыркы кызматка 2019-жылы дайындалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ