Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КРнын экс-башкы прокурору Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму уланды.
Маалыматка ылайык, сот отурумунда судья Марат Сыдыков өкүмдү окуп берди.
Белгилей кетсек, соттолуучу Эрмек Осмонкулов Бишкектеги СИЗО-1ден, ал эми Асанэмир Абыкулов УКМКнын абагынан сот залына жеткирилген. Эки соттолуучу тең бүгүн акыркы сөздөн баш тартышты.
Ошентип, айыпталуучулар Эрмек Осмонкулов 18 жыл эки айга, Асанэмир Абыкулов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.
Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.
2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ