Menu

Маданият министри айдоочуларды жана коомдук тамак ичүүчү жайларды тейлеген официанттарды окутууга сунуштады

Бөлүшүү:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун өлкөнүн туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда министр, «Балким, такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктуу. Анткени, алар чет элдик туристтерди аэропорттордон биринчи кезекте тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли жана тейлөө маданияты өлкөнүн жана элибиздин биринчи элесин жаратат. Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерди тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар », – деп кошумчалады министр.

Ошондой эле, ал туризм боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар дагы каралып, сөзсүз түрдө иштелип чыгарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: