Жен Псаки
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден өзүнүн коомчулук менен байланыш командасындагы дайындоолор жөнүндө жарыялады.
Негизги кызмат орундарын аялдар ээлейт. Команданы Байдендин шайлоо штабынын коомдук байланыш бөлүмүн жетектеген Кейт Бедингфилд башкарат.
President-elect Biden and Vice President-elect Harris today announced new members of the White House staff who will serve in senior communications roles.
For the first time in history, these communications roles will be filled entirely by women.https://t.co/SjWAWJg941
— The White House (@WhiteHouse) November 29, 2020
“Америка эли менен түз жана ачык-айкын баарлашуу— президенттин негизги милдеттеринин бири жана бул командага өтө чоң жоопкерчилик тагылды. Мен бүгүн сыймыктануу менен жалаң аялдардан турган Ак үйдүн коомдук байланыш бөлүмү боюнча командасын жарыялайм”, — деп айтылат Байдендин өткөөл командасынын сайтында.
Байден Ак үйдүн басма сөз катчылыгына Мамдепартаменттин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Жен Псакини дайындоону пландоодо. Псаки “Твиттердеги” баракчасына Жо Байден менен иштөөнү сыймык катары эсептей турганын жазып, америка элинин ишенимин калыбына келтирүү үчүн болгон күчүн жумшай турганын айтты.
Жен Псаки 2011-2013-жылдары Барак Обаманын маалымат катчысы болгон, андан кийин эки жыл Мамдепартаменттин атайын өкүлү катары иштеп, Украинанын чыгышындагы жаңжалдар боюнча комментарий берип турган.
2015-2017-жылдары Псаки Ак үйдүн коммуникациялар боюнча директору болгон
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ