Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 19-кеңешмесине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Индия Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматындагы 19-кеңешмесине катышты.

Өкмөт башчылары астында сүйлөп жатып, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны ар бир өлкө үчүн коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кыйчалыш мезгилде өтүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасына COVID-19 каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана учурдун шарты Уюм алкагындагы бардык тармактарда жана багыттарда өз-ара тыгыз аракеттешүүнү жана кызматташууну талап кылып жаткандыгын кошумчалады.

«Бүгүнкү күн тартибиндеги маанилүү маселе катары коронавирус менен гана күрөшүү эсептелбестен, анын кесепеттерин жеңүү жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана биздин өлкөлөрдүн ырааттуу өнүгүү темпи боюнча милдеттерди чечүү болуп саналат», – деп белгиледи Артем Новиков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: